# 225-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча сот актысын чыгаруу үчүн соттун чыгып кетүүсү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 225-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-225

---

1. Сот соттук жарыш сөздөрдөн кийин чечим (аныктама) чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетет. Кеңешүүдөн кийин судьялар чыгарылган чечимди (аныктаманы) жарыялайт. Сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу.

2. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн чыгарууда жүйөлөнгөн соттук акты соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен процесстин катышуучуларына жөнөтүлөт (тапшырылат).

3. Жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны жарыя кылуу учурунда катышып олтурган процесстин катышуучуларына жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү сотто кол койдуруу менен түздөн-түз тапшырылат. Эгерде сот актысынын көчүрмөсү өкүлгө тапшырылган болсо, анда ал анын атынан иш алып баруучу адамга да тапшырылды деп эсептелет.

4. Жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны жарыя кылуу учурунда катышпаган процесстин катышуучуларына жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аларга аны жарыя кылуу күнүнөн тартып жети күндүн ичинде тапшыруу жөнүндө билдирүү менен тапшырык кат менен жиберилет (тапшырылат). Эгерде сот актысынын көчүрмөсү ошондой эле өкүлгө жиберилсе, анда ал анын атынан иш алып баруучу адамга да жиберилди деп эсептелет.

Сот актысы ушул Кодекстин 176-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча тапшырылды деп эсептелет.

5. Эгерде сот актысын чыгаруу учурунда апелляциялык инстанциядагы сот иш үчүн мааниси бар жаңы кырдаалдарды айкындоону же колдо болгон жана жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп эсептесе, ал ишти маңызы боюнча кароону калыбына келтирет, бул жөнүндө аныктама чыгарылат, ал соттук жыйналыштын протоколуна киргизилүүгө тийиш. Бул учурда соттук жыйналыш ушул главада белгиленген тартипте улантылат.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-224)  
Кийинки берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-226)
