# 224-берене. Ишти апелляциялык инстанциядагы соттун кароо тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 224-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-224

---

1. Апелляциялык инстанциядагы сот өз жыйналышында административдик ишти ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен биринчи инстанциядагы соттогу өндүрүштүн эрежелери боюнча карайт.

2. Дайындалган убакта төрагалык кылуучу соттук жыйналышты ачат жана кандай иш, кимдин даттануусу боюнча жана кандай соттун чечимине даттануу каралууга тийиштигин жарыялайт. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн кимиси келгенин айкындайт, келгендердин инсандыгын белгилейт, ошондой эле кызмат адамдарынын жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.

3. Төрагалык кылуучу соттун курамын жарыялайт жана процесстин катышуучуларына алардын четтетүү билдирүү укугун түшүндүрөт.

Четтетүү үчүн негиздер, билдирилген баш тартууну чечүүнүн тартиби жана мындай билдирүүлөрдү канааттандыруунун кесепеттери ушул Кодекстин 20-25-беренелери менен аныкталат.

4. Төрагалык кылуучу келбей калган процесстин катышуучулары жогунда ишти кароонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет, процесстин катышуучуларына алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

5. Апелляциялык инстанцияда ишти териштирүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча процесстин катышуучуларынын арыздары жана өтүнмөлөрү сот тарабынан процесстин башка катышуучуларынын пикирлерин уккандан кийин чечилет.

6. Апелляциялык инстанцияда ишти кароо судья-баяндамачынын иштин жагдайларын, биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мазмунун, апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) жана ага каршы пикирлердин жүйө-далилдерин, сотко берилген жаңы далилдердин мазмунун баяндоосунан башталат.

7. Баяндамадан кийин сот процесстин катышуучуларынын жана (же) алардын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угат. Биринчи болуп апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) берген жак жана (же) анын өкүлү сүйлөйт. Чечимге процесстин бир нече катышуучусу даттануу берген учурда, биринчи болуп доогер сүйлөйт.

8. Процесстин катышуучулары апелляциялык соттук жыйналышка келбей калган учурда, алар тарабынан даттанууга (сунуштамага) берилген жазуу жүзүндөгү каршы пикир жарыя кылынат.

9. Сот тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, зарылчылык болгондо, иште болгон далилдерди жарыя кылат жана жаңы далилдерди иликтейт. Далилдерди иликтөө биринчи инстанциянын соту үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

10. Тараптар күбөлөрдү чакыруу жана суракка алуу, башка далилдерди талап кылуу тууралуу өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.

11. Апелляциялык инстанциядагы сот өзүнүн сот актысынын негиздемесинде соттук жыйналышка чакырылбаган, бирок биринчи инстанциядагы сотто суралган адамдардын сотто жарыя кылынган көрсөтмөлөрүнө таянууга укуктуу. Эгерде бул көрсөтмөлөр тараптар тарабынан талашка түшсө, анда аларды берген жактар апелляциялык инстанциянын сотунда суракка алынууга жатат.

12. Далилдерди иликтегенден кийин төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларынан соттук териштирүүнү толуктоо боюнча аларда болгон өтүнмөлөр тууралуу сурамжылайт. Сот бул өтүнмөлөрдү чечкенден кийин соттук жарыш сөздөргө өтөт.

13. Соттук жарыш сөздөр ушул Кодекстин 166-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында жарыш сөздөрдө биринчи болуп даттануу (сунуштама) берген жак сүйлөйт. Чечимге процесстин бир нече катышуучусу даттануу берген учурда, биринчи болуп доогер сүйлөйт.

14. Апелляциялык инстанциянын сотунун жыйналышында төрагалык кылуучу соттук жыйналышта талаптагыдай тартипти камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.

15. Апелляциялык инстанциянын жыйналышында соттук жыйналыштын катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт. Соттук жыйналыштын протоколуна тараптар тарабынан сын-пикирлер киргизилиши мүмкүн, алар төрагалык кылуучу тарабынан ушул Кодекстин 199 жана 200-беренелеринде каралган тартипте каралат.

16. Апелляциялык инстанциянын соту тарабынан ишти видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен кароо тартиби ушул Кодекстин 1311-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул берененин эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-223)  
Кийинки берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-225)
