# 222-берене. Апелляциялык инстанциянын сотунда доогердин доодон баш тартуусу жана тараптардын жарашуу макулдашуусу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 222-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-222

---

1. Апелляциялык даттануу берилгенден кийин жасалган доогердин доодон баш тартуусу тууралуу билдирүүсү же тараптардын жарашуу макулдашуусу ушул Кодекстин 39 жана 41-беренелерине ылайык берилет. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганга же жарашуу макулдашуусу бекитилгенге чейин сот доогерге же тараптарга алардын процесстик иш-аракеттеринин кесепеттерин түшүндүрөт.

2. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганда же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилгенде, апелляциялык инстанция биринчи инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот.

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-221)  
Кийинки берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-223)
