# 221-берене. Апелляциялык даттануудан баш тартуу же апелляциялык сунуштаманы кайра чакыртып алуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 221-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-221

---

1. Апелляциялык даттанууну берген адам сот актысы чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу. Прокурор сунуштаманы сот актысы чыгарылганга чейин кайра чакыртып алууга укуктуу.

2. Эгерде бул процесстин катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузбаса, даттануудан баш тартуу же сунуштаманы кайра чакыртып алуу сот тарабынан кабыл алынат.

3. Даттануудан баш тартылганда же сунуштама кайра чакыртып алынганда сот ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган даттануудан баш тартуунун же сунуштаманы кайра чакыртып алуунун кесепеттерин түшүндүрөт жана апелляциялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

4. Эгерде сот апелляциялык даттануудан баш тартылса же сунуштама чакыртып алынган учурда башка адамдын даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, анда баш тартуу же кайра чакыртып алуу билдирилген апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү токтотуучу аныктама чыгарат. Бул учурда апелляциялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

5. Апелляциялык даттануудан баш тартылган же сунуштама кайра чакыртып алынган жана аны сот кабыл алган учурда апелляциялык тартипте бул адам тарабынан сот актысына кайталап даттанууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-220)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-222)
