# 22-берене. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, соттук жыйналыштын катчысын четтетүү үчүн негиздер

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 22-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-22

---

1. Ушул Кодекстин 20-беренесинде көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер ошондой эле экспертке, адиске, котормочуга, соттук жыйналыштын катчысына жайылтылат.

Андан тышкары, эксперт жана адис алардын компетенттүү эместиги байкалган учурда ишти кароого катыша албайт.

2. Эксперттин, адистин, котормочунун жана соттук жыйналыштын катчысынын ушул иштин мурдагы каралашында кайрадан эксперт, адис, котормочу, соттук жыйналыштын катчысы катары катышуулары аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Ушул Кодекстин 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер ошондой эле прокурорго жайылтылат. Мында прокурордун ушул иштин мурдагы каралышында прокурор катары катышкандыгы четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-23)
