# 219-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 219-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-219

---

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) төмөнкү учурларда даттанууну (сунуштаманы) берген жакка апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кайра кайтарылат, эгерде:

1) апелляциялык даттануу (сунуштама) апелляциялык инстанциядагы сотко кайрылуу укугу болбогон жак тарабынан берилсе;

2) даттануу мөөнөтү өтүп кетсе жана даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз болбосо;

3) апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 214-беренесинин 1 - 3-бөлүктөрүнүн талаптарын бузуу менен берилсе;

4) даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөнүнүн далилдери тиркелбесе;

5) даттануу (сунуштама) биринчи инстанциянын сотун аттап өтүү менен берилсе;

6) даттанууну (сунуштаманы) берген адамдан даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө арыз келип түшсө.

7) апелляциялык даттануу (сунуштама) апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан мурда каралган соттук актыга берилсе.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө ал сотко келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жүйөлөнгөн аныктама чыгарат жана даттанууну (сунуштаманы) берген жакка тиркелген бардык документтери менен кошо тапшырат же жөнөтөт.

Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, апелляциялык даттануу өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин даттануу (сунуштама) берген жакка кайтарылат.

3. Даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтарууга негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин, даттанууну берген жак жалпы тартипте ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде апелляциялык даттануу (сунуштама) менен сотко кайрадан кайрылууга укуктуу.

4. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) процесстин катышуучуларына жиберилгендигинин далилдери жок болгон учурда, апелляциялык инстанциядагы сот ишти кайра кайрыбастан, даттануунун (сунуштаманын) көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди ишти угуунун датасы жөнүндө кабарлоо менен бирге процесстин катышуучуларына жиберет.

5. Даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-218)  
Кийинки берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-220)
