# 213-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 213-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-213

---

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) чечим чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен апелляциялык инстанциянын сотуна берилиши мүмкүн.

2. Эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр каралбаса, апелляциялык даттануу (сунуштама) сот тарабынан чечим жарыя кылынгандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө процесстик мөөнөт ушул Кодекстин 103-беренесине ылайык апелляциялык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

4. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө маселени кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат жана ал даттанылышы мүмкүн. Мында өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктамага даттануу (сунуштама) талаш-тартыштын маңызы боюнча апелляциялык инстанциядагы соттун сот актысына кассациялык даттануу (сунуштама) менен бирге берилиши мүмкүн.

5. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылганда, апелляциялык даттануу (сунуштама) ага тиркелген бардык документтер менен бирге арыз ээсине кайра кайтарылууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-212)  
Кийинки берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-214)
