# 212-берене. Апелляциялык даттануу укугу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 212-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-212

---

1. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирбеген чечимдерине процесстин тараптары жана башка катышуучулары тарабынан апелляциялык инстанцияга даттанылышы мүмкүн.

2. Прокурордун арыздары боюнча козголгон же прокурордун катышуусу менен каралган иштер боюнча, ошондой эле, эгерде сот тарабынан жарандын жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган чечим кабыл алынган учурда, прокурор иштер боюнча апелляциялык сунуштама берүүгө укуктуу.

3. Ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган жактар да апелляциялык даттанууну берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [2119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2119)  
Кийинки берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-213)
