# 2117-берене. Маалымат ээлеринин маалымат алууга болгон укукту бузган аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актыларына даттануу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 232-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=24943..26250>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-2117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 2117-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2117

---

1. Маалымат берүүдөн баш тартылган жана (же) аларга карата "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган аракет (аракетсиздик) жана (же) актылар (чечимдер) кабыл алынган жеке жана юридикалык жактар маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер боюнча арыз берүүчүлөр болушу мүмкүн.

2. Арыз ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен сот тарабынан каралат.

3. Маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер алдын ала өндүрүштүн аяктагандыгы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кабыл алынган күндөн тартып бир ай ичинде каралат жана чечилет.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык

---

Мурунку берене: [2116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2116)  
Кийинки берене: [2118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2118)
