# 2116-берене. Соттук актылар боюнча даттануу жана сот аткаруучуларынын, жеке сот аткаруучуларынын токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздиктерин) талашуу боюнча иштерди кайра кароо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 231-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=44837..53984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-2116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 2116-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2116

---

1. Сот аткаруучуларынын, жеке сот аткаруучуларынын мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө иштерди кайра кароо областтык соттордун тийиштүү соттук коллегия тарабынан апелляциялык өндүрүш тартибинде, апелляциялык инстанциядагы сотко иш келип түшкөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттө, ушул главада белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен ушул Кодекстин 24-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

Соттун аныктамасына даттануу ушул иш боюнча соттун аныктамасы менен укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адамдар тарабынан он күндүк мөөнөттө биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. Соттук актыны кабыл алган сот бул даттанууну иш менен бирге тийиштүү инстанцияга, ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жиберүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук актыларды кассациялык тартипте кайра кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тийиштүү соттук коллегия тарабынан, иш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө, ушул Кодекстин 26-главасында каралган эрежелер боюнча, ушул главада белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен жүргүзүлөт.

3. Даттанууну берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин даттануулар кабыл алынбайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте кайра кайтарылып берүүгө тийиш.

4. Соттук актылар жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиш эмес.";

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2115)  
Кийинки берене: [2117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2117)
