# 2115-берене. Соттун аныктамасы жана аны ишке ашыруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 231-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=44837..53984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-2115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 2115-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2115

---

1. Сот арызды негиздүү деп таануу менен, жол берилген жарандын (уюмдун) укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгын же жарандын (уюмдун) анын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылгандыгын толук өлчөмдө жоюу жагында сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун милдеттери жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Эгерде кызыкдар жактар апелляциялык даттануу (сунуштама) бербесе, соттун аныктамасы аныктама кабыл алынган күндөн тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Соттун аныктамасы жол берилген мыйзам бузууну четтетүү үчүн баш ийүүчүсүнүн токтому, аракети (аракетсиздиги) талашылып жаткан сот аткаруучулары бөлүмүнүн жетекчисине, же болбосо баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган органга, кызмат адамына же жеке сот аткаруучусуна оот аныктамасы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде жөнөтүлөт.

4. Аныктама жарандык процесстик мыйзамдарда жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча аткарылат.

5. Эгерде талашылып жаткан токтом же аракет (аракетсиздик) мыйзамга ылайык чыгарылганын же болбосо жасалгандыгын белгилесе, сот арызды канааттандыруудан баш тартат.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги N 85, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2114)  
Кийинки берене: [2116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2116)
