# 2114-берене. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды кароо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 231-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=44837..53984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-2114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 2114-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2114

---

1. Арыз сот тарабынан анын сотко келип түшкөн учурунан тартып он күндүн ичинде арыз берүүчүнүн, сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун катышуусу менен каралат.

2. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн, соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган жактардын кимдир-бирөөсүнүн соттук жыйналышка келбей коюусу арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Сот талашылып жаткан токтомдун же аракеттин күчүн арыз сотто каралып жаткан убакытта арыз берүүчүнүн өтүнмөсү боюнча токтото турууга укуктуу.

4. Сот арызда баяндалган жана процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүндө көрсөтүлгөн жүйөлөр, берилген далилдер жана иштеги башка материалдар менен эле чектелип калбастан, бул талаш-тартышты туура чечүү максатында, талашылып жаткан токтом, аракет (аракетсиздик) боюнча факт жүзүндөгү бардык жагдайларды иликтеп чыгат.

5. Сотто даттанылып жаткан токтомдун, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети мындай токтомду кабыл алган же мындай аракетке (аракетсиздикке) жол берген сот аткаруучусуна, жеке сот аткаруучусуна жүктөлөт. Чыгарылган токтомдун, жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) тууралыгына карата кандай болбосун шек саноолор арыз берүүчүнүн пайдасына түшүндүрмөлөнөт.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги N 85, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2113)  
Кийинки берене: [2115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2115)
