# 2113-берене. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун токтомдорун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды берүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 231-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=44837..53984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-2113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 2113-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2113

---

1. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун токтому жана аракети (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же ушул токтом, аракет (аракетсиздик) менен укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жактар тарабынан талашылуусу мүмкүн.

2. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун токтомун, анын аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арыз сотко бул токтом чыккан, аракети (аракетсиздиги) жасалган күндөн тартып, же болбосо ушул токтомдон, аракеттен (аракетсиздиктен) улам укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жаранга же уюмга анын укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон күндөн тартып он күндүк мөөнөттө берилет. Арыздын көчүрмөлөрү бардык кызыкдар жактарга, анын ичинде талашылып жаткан токтомду чыгарган же талаш-тартыш жараткан аракетти (аракетсиздикти) жасаган сот аткаруучусу иштеген сот аткаруучулары кызматынын бөлүмдөрүнө, же жеке сот аткаруучусуна берилет.

3. Арыз менен сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберүү сот үчүн мындай арызды кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. Мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себептери соттук жыйналышта айкындалат жана алар арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп калышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги N 85, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2112)  
Кийинки берене: [2114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2114)
