# 21-берене. Ишти кароого судьянын кайталап катышуусунун жол берилбестиги

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 21-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-21

---

1. Ишти маңызы боюнча кароого катышкан судья бул ишти башка инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.

2. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча иштерди кароо учурларынан тышкары, ишти биринчи же апелляциялык инстанцияда кароого жана талаш-тартыштын маңызы боюнча чечим чыгарууга катышкан судья, бул ишти ошол эле инстанцияда кайрадан кароого катыша албайт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти кассациялык тартипте кароого катышуусу анын ушул ишти кассациялык тартипте кайрадан кароого катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-22)
