# 206-берене. Арызды берүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 206-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-206

---

1. Эгерде жарандык абал актыларын жазуу органдары укук жөнүндө талаш жокто жүргүзүлгөн жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартса, сот жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги (акт китептериндеги) жазуулар туура эместигин белгилөө жөнүндө ишти карайт.

2. Жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндө арыз арыздын ээсинин жашаган жери боюнча сотко берилет.

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-207)
