# 205-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 205-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-205

---

1. Соттун чечимине арыздар (даттануулар) менен арыз ээси, анын өкүлү, Судьялар кеңешинин өкүлү кайрыла алат.

2. Соттун чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кассациялык даттанууну берүү Судьялар кеңеши соттун чечимин аткаруусун токтотуп турат.

3. Соттун чечимине кассациялык даттануу чечим чыгарган сот аркылуу берилет.

4. Соттун кабыл алынган чечимдерине арыздар (даттануулар) чечимдер чыгарылган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде ушул Кодекстин 25-главасында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

5. Кассация тартибинде келип түшкөн арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн токтомдун көчүрмөлөрү дароо тараптарга тапшырылат.

6. Ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту соттун чечимин жокко чыгара алат.

7. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана ага даттанылбайт.

8. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

9. Соттун чечими жана кассациялык инстанциядагы соттун токтому жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жатпайт.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-206)
