# 204-берене. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечимдерин даттануу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 204-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-204

---

1. Тартип жоопкерчилигине тартылган судья же болбосо Судьялар кеңешине даттанууну же сунуштаманы берген, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңеши чечим кабыл алган учурда судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби бузулду деп эсептеген жак (жактар) жоопкер турган жер боюнча сотко арыз (даттануу) менен кайрылууга укуктуу.

2. Арыз (даттануу) арыз ээсине чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө белгилүү болуп калган учурдан тартып тез арада, бирок Судьялар кеңеши судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берилет.

3. Арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Сот кабыл алган соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жүйөлүү чечим арыз ээсине жана Судьялар кеңешинин өкүлүнө тез арада тапшырылат.

4. Арыз (даттануу) сот тарабынан даттанууну берген жактын (жактардын), анын өкүлдөрүнүн, Судьялар кеңешинин өкүлүнүн катышуусу менен каралат. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө ойдогудай түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбей калышы ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

5. Сот арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, талашылып жаткан чечимди жараксыз деп табат жана Судьялар кеңешинин чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим мыйзамдуу деп белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.

6. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет.

7. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-203)  
Кийинки берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-205)
