# 202-берене. Соттун арызды карап чыгышы

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 202-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-202

---

1. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыз сот тарабынан ал берилген күндөн тартып - үч күндүк мөөнөттө, бирок добуш берүү күнүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү келип түшкөн арыз дароо каралууга тийиш.

2. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, бирок добуш берүү күнүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.

3. Арызды сот арыз ээсинин, аракеттери даттанылып жаткан тиешелүү шайлоо комиссиясынын, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун, шайлоо процессинин башка субъекттеринин өкүлүнүн катышуусу менен карайт. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө ойдогудай түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбей калышы ишти карап чыгууга жана чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-201)  
Кийинки берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-203)
