# 201-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдерге жана (же) аракеттерге (аракетсиздикке) даттануу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере избирательного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112052)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 201-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-201

---

1. Мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун, шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечими, аракети (аракетсиздиги) менен шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктары бузулуп жатат деп эсептеген жаран же шайлоо процессинин башка субъекти (шайлоочу, талапкер, саясий партия, алардын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, коммерциялык эмес уюм, байкоочулар) жоопкер турган жер боюнча биринчи инстанциядагы сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

Коммерциялык эмес уюм анын коомдук байкоочу катары шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга укуктуу.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыз менен талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн депутаттар же фракциялар, ошондой эле бул кызмат ордуна талапкерлер кайрыла алат.

3. Участкалык, округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери тиешелүү даттанууларды жогору турган шайлоо комиссиялары карагандан кийин гана сотко даттанылат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат.

4. Арыз өзүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон чечим кабыл алынган аракет (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып тез арада, бирок үч календарлык күндөн кечиктирбестен берилет.

5. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде берилет.

6. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте кабыл алынган чечимдерге арыздар чечим кабыл алынган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде берилет.

7. Арыздарды берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 88, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-200)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-202)
