# 20-берене. Судьяны четтетүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 20-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-20

---

1. Судья төмөнкү учурда ишти карай албайт жана четтетүүгө жатат:

1) эгерде ал ишке катышкан адамдардын же алардын өкүлдөрүнүн кимдир-бирөөсүнүн үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы болуп саналса;

2) эгерде ал жеке өзү иштин жыйынтыгына тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар болсо;

3) эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, котормочу, өкүл, соттук жыйналыштын катчысы катары катышса;

4) эгерде ал талаш-тартыш менен байланышкан иштин мүмкүн болуучу натыйжасы жөнүндө өз позициясын кайсы бир формада, соттун кароосунан тышкары, ишти соттук курамдын талкуусуна киргизгенге чейин айткан болсо (же болбосо ачык билдирүү жасаса).

2. Соттук териштирүүгө даярдык көрүү баскычында судья тарабынан алдын ала айтылган укуктук пикир судья өзү баш тартуу же андан баш тартуу үчүн негиз боло албайт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-21)
