# 2-берене. Административдик сот өндүрүшү тууралуу мыйзамдар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 2-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын сотторунда административдик иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган административдик процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. Эгерде ушул Кодексте сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тууралуу жоболор жок болсо, эгерде алар ушул Кодекстин негизги принциптерине жана максаттарына карама-каршы келбесе, анда тиешелүүлүгүнө жараша Жарандык процесстик кодекстин жана башка мыйзамдардын ченемдери колдонулат.

4. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү ишти кароо жана чечүү, айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо жана сот актыларын аткаруу учурунда колдонулган мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-3)
