# 199-берене. Протоколго сын-пикирлер

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 199-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-199

---

1. Ишке катышып жаткан жактар же алардын өкүлдөрү протокол менен, анын ичинде соттук жыйналыштын аудио жана (же) видео жазуусунун мазмуну менен алар даярдалган жана кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде таанышууга укуктуу.

Аталган жактар протокол менен таанышкандан кийин жасалган процесстик иш-аракеттердин жана алардын жыйынтыктарын белгилөөнүн толук эместигин көрсөтүү менен үч жумушчу күндүн ичинде протоколго, аудио жана (же) видео жазуунун мазмунуна (соттук жыйналыштын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу процессинде үзгүлтүк болгон учурда) жазуу жүзүндө сын-пикирлерди берүүгө укуктуу.

2. Протоколдогу аягына чейин толтурулбаган саптар жана башка бош жерлери сызып салынат. Протоколдо өчүрүүлөргө жана боёолорго жол берилбейт.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-200)
