# 198-берене. Протокол түзүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 198-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-198

---

1. Протокол соттук жыйналыштын катчысы тарабынан түзүлөт.

2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.

3. Сот протоколду түзүүнүн толуктугун камсыз кылуу үчүн соттук жыйналышта же болбосо жыйналыштан тышкары, өзүнчө процесстик иш-аракеттерди жасоодо аудио жана видео жазууларды пайдаланат. Бул учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, анда булар колдонулганы жөнүндө белги коюлат. Соттук жыйналышка аныктап жазуунун кошумча материалдары соттук жыйналыштын протоколдоруна тиркелет жана иштин материалдары менен кошо сакталат.

4. Процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү өздөрү иш үчүн олуттуу деп эсептеген жагдайлар тууралуу маалыматтарды протоколго киргизүү жөнүндө өтүнмө кылууга укуктуу.

5. Протокол соттук жыйналыш аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана ага кол коюлууга тийиш.

6. Татаал иштер боюнча соттук жыйналыштын протоколун түзүү жана кол коюу кыйла узак мөөнөттө, бирок соттук жыйналыш аяктагандан кийин беш күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

7. Чечимди же аныктаманы жарыя кылууда, протоколду түзүүнүн мөөнөттөрү жана аны менен таанышуу укуктары жөнүндө жарыяланат.

8. Протоколго соттук жыйналыштын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколго киргизилген бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, протоколдогу оңдоолор айтылууга жана алардын колу менен тастыкталууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1971-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1971)  
Кийинки берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-199)
