# 1971-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун протоколунун мазмуну

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-1971.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 1971-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1971

---

Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттук жыйналыштын датасы жана орду;

2) соттук жыйналыштын ачылышынын жана жабылышынын (башталышы жана аякташы) убактысы;

3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы;

4) иштин аталышы;

5) төрагалык кылуучунун тескемелери жана кеңешүүчү бөлмөгө чыкпастан сот тарабынан чыгарылган өзүнчө процесстик акт катары кабыл алынбаган аныктамалар;

6) сот актысын кабыл алуу үчүн соттун чыгып кетүүсү тууралуу маалымат;

7) соттук актынын резолюциялык бөлүгүн же толук текстин жарыя кылуу жөнүндө маалымат;

8) протоколду түзүү жана кол коюу датасы.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-197)  
Кийинки берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-198)
