# 194-берене. Соттун жеке аныктамасы

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 194-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-194

---

1. Соттук жыйналыштыда мыйзамдын бузулган учурлары аныкталганда, сот жеке аныктама чыгарууга жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жеке аныктаманын көчүрмөсү алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өздөрү көргөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирилбеген учурда күнөөлүү кызмат адамдарына ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салынышы мүмкүн. Мында айып пул салуу тиешелүү кызмат адамдарын соттун жеке аныктамасы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо милдетинен бошотпойт.

3. Жеке аныктама даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-195)
