# 193-берене. Аныктаманын мыйзамдуу күчүнө кирүүсү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 193-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-193

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, соттун аныктамасы, эгерде ал даттанылбаса, апелляциялык даттануунун мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

Апелляциялык даттануу берилген учурда, эгерде ал жокко чыгарылбаса, апелляциялык инстанциянын соту ишти карагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Ушул Кодексте даттанылышы каралбаган соттун аныктамасы, аны кабыл алгандан кийин токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттун аныктамалары алар кабыл алынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-192)  
Кийинки берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-194)
