# 191-берене. Аныктама чыгаруунун тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 191-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-191

---

1. Иш маңызы боюнча чечилбеген сот актысы аныктама формасында чыгарылат. Аныктама сот тарабынан өз алдынча процесстик документ түрүндө чыгарылат. Татаал эмес маселелерди чечүүдө сот аныктаманы соттук жыйналыштын протоколуна киргизүү жолу менен чече алат.

2. Аныктама кабыл алынгандан кийин токтоосуз жарыя кылынат.

3. Судьянын соттук жыйналыштан тышкары процесстик иш-аракеттери жөнүндө аныктама чыгарылат, ал өзүнчө процесстик документ түрүндө таризделет.

4. Соттун өз алдынча процесстик документ түрүндөгү аныктамасына ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-190)  
Кийинки берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-192)
