# 188-берене. Соттун административдик доону кароосуз калтыруу милдети

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 188-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-188

---

Сот төмөнкү учурларда доону кароосуз калтырууга милдеттүү:

1) эгерде доогер мыйзамда белгиленген учурларда талаш-тартышты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чараларды көрбөсө жана мындай жөнгө салуунун мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;

2) эгерде доо аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

3) эгерде доогердин атынан берилген доого кол коюуга же доо коюуга ыйгарым укугу жок адам тарабынан кол коюлса же берилсе;

4) эгерде ушул же башка соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш-тартыш боюнча иш болсо;

5) эгерде доогер маңызы боюнча чечим чыгарганга чейин доону кайрып берүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылса.

6) эгерде доогер административдик доо коюунун мөөнөтүн өткөрүп жиберсе жана мында мындай мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөсү жок болсо.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-189)
