# 187-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун тартиби жана натыйжалары

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 187-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-187

---

1. Иш боюнча өндүрүш соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен токтотулат.

2. Иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда ошол эле доогердин ошол эле жоопкерге карата, ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздерде сотко кайра кайрылуусуна жол берилбейт.

3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

4. Сот ушул Кодекстин 41-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда доогердин өтүнмөсү боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктаманы жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү калыбына келтирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-188)
