# 186-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 186-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-186

---

Сот төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүштү токтотот:

1) эгерде иш административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жана чечилүүгө тийиш болбосо;

2) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) эгерде ошол эле доогердин ошол эле жоопкерге карата ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча чыгарылган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болсо эле иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө, административдик доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы болсо. Анын ичинде, эгерде бул доогердин кызыкчылыгы үчүн прокурор, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган тарабынан административдик доо коюлса да бул эреже колдонулат.

4) эгерде доогер доодон баш тартса жана баш тартуу сот тарабынан кабыл алынса;

5) эгерде тараптар жарашуу макулдашуусун түзсө жана ал сот тарабынан бекитилсе;

6) эгерде доогер өлгөндөн кийин, талаш-тартышка түшүп жаткан укук мамилелери укукту мурастоого жол бербесе;

7) эгерде иш боюнча тарап болуп саналган юридикалык жак укук мурастоочуну аныктабастан жоюлса;

8) доогер доону кароону талап кылган учурларды кошпогондо, эгерде талаш-тартыш болуп жаткан административдик акт административдик орган тарабынан жокко чыгарылса, чыгарылбай калган акт чыгарылса, токтотулуп турган административдик акт аткарылса же аракетсиздикке даттануу учурунда аракет жасалса;

9) эгерде талаш-тартышты маңызы боюнча кароо процессинде, арыз берилгенге чейин доону берүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кетиши белгиленсе, ал калыбына келтирүүгө жатпаса же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартылса.

10) ушул Кодекстин 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, эгер талаш-тартыштын предмети жок болсо.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-185)  
Кийинки берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-187)
