# 182-берене. Соттун иш боюнча өндүрүштү токтото туруу милдети

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 182-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-182

---

Сот иш боюнча өндүрүштү төмөнкү учурларда токтото турат:

1) эгерде талаш-тартыш болуп жаткан укуктук мамилелер укукту мурастоого жол берсе, иш боюнча доогер өлгөндө, же мыйзамда белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланганда, ошондой эле иш боюнча тарап болгон административдик орган, юридикалык жак кайра уюшулганда - укук мураскери белгиленгенге чейин;

2) эгерде доогер аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготсо - аракетке жөндөмсүз жакка камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

3) доогердин өкүлүн дайындоо же алмаштыруу зарыл болгондо - ишке мыйзамдуу өкүл киришкенге чейин;

4) Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн же аскердик түзүлүштөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө жүргөн доогер өтүнгөндө - Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болуусу токтогонго чейин;

5) конституциялык, административдик, жарандык же жазык сот өндүрүшү тартибинде каралып жаткан башка иш чечилгенге чейин бул ишти кароо мүмкүн болбогондо - башка иш боюнча соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

6) ушул иште колдонулган же колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка ченемдик укуктук актысынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыктуулугу жөнүндө маселеде сот тарабынан айкын эместик табылганда жана ушул жүйө боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна суроо-талап жөнөтүлгөндө - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту суроо-талапты караганга чейин;

7) чет өлкөлүк сотко же чет мамлекеттин башка компетенттүү органына соттук тапшырма менен укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылганда - тапшырмага жооп келип түшкөнгө чейин.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-181)  
Кийинки берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-183)
