# 181-берене. Чечимди аткарууну кийинкиге жылдыруу жана мөөнөтүн узартуу, чечимди аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 181-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-181

---

1. Чечим чыгарган сот административдик процесстин катышуучусунун арызы боюнча конкреттүү жагдайларды эске алуу менен чечимди аткарууну кийинкиге калтыра же мөөнөтүн узарта алат, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртө алат.

2. Арыздар бул тууралуу административдик процесстин катышуучуларын кабарлоо менен соттук жыйналышта каралат. Бул жактардын келбей калышы арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу тууралуу, ошондой эле чечимди аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-180)  
Кийинки берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-182)
