# 180-берене. Соттун чечиминин күчүнө кириши

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 180-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-180

---

1. Соттун чечими, эгерде ал даттанылбаган болсо, апелляциялык даттануу үчүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.

2. Апелляциялык даттануу берилген учурда, эгерде соттун даттанылып жаткан чечими жокко чыгарылбаган болсо, соттун чечими ушул даттануу сот тарабынан каралгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы менен биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн жана жаңы чечим кабыл алынган учурда ал дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Чечим Жарандык процесстик кодексте жана Кыргыз Республикасынын Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамында белгиленген тартипте ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткарылат.

---

Мурунку берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-179)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-181)
