# 179-берене. Чечимди түшүндүрүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 179-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-179

---

1. Чечим түшүнүксүз болуп калган учурда ишти чечкен сот процесстин катышуучуларынын арызы боюнча анын мазмунун өзгөртпөстөн, чечимди түшүндүрүүгө укуктуу.

2. Эгерде чечим аткарыла элек болсо жана анын мажбурлап аткарылышы мүмкүн болгон мөөнөт өтө элек болсо, аны түшүндүрүүгө жол берилет.

3. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калуулары чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселени кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-178)  
Кийинки берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-180)
