# 178-берене. Чечимдеги жаңылыш жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдоо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 178-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-178

---

1. Иш боюнча чечим жарыялангандан кийин чечим чыгарган сот аны өзү жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуксуз.

2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча же процесстин катышуучуларынын арызы боюнча чечимде кетирилген жаңылыш жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдойт. Оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе соттук жыйналышта, аныктама чыгаруу менен чечилет. Процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калуулары оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселелерди кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимге оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-177)  
Кийинки берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-179)
