# 177-берене. Кошумча чечим

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 177-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-177

---

1. Иш боюнча чечим чыгарган сот өз демилгеси боюнча же ишке катышкан жактардын арызы боюнча төмөнкү учурларда кошумча чечим чыгарышы мүмкүн:

1) эгерде каралган кайсы-бир талаптар боюнча чечим чыгарылбаган болсо;

2) эгерде сот укук жөнүндө маселени чечип, жоопкер жасоого милдеттүү болгон иш-аракеттерди көрсөтпөсө;

3) эгерде сот тарабынан соттук чыгымдар жөнүндө маселелер чечилбесе.

2. Кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселе чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин коюлушу мүмкүн. Кошумча чечим соттук жыйналышта сот тарабынан маселе каралгандан кийин кабыл алынат жана ал даттанылышы мүмкүн. Процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калышы кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселени кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Соттун кошумча чечим чыгаруудан баш тартуу жөнүндө аныктамасына жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-176)  
Кийинки берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-178)
