# 176-берене. Чечимди жарыя кылуу, процесстин катышуучуларына чечимди берүү же жөнөтүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 176-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-176

---

1. Чечим соттук жыйналышта жарыя кылынат. Жүйөлөнгөн чечимдин көлөмүнө таянуу менен сот анын киришүү жана резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу.

2. Жүйөлөнгөн чечимди жарыя кылууда катышып олтурган процесстин катышуучуларына, анын көчүрмөсү кол койдуруу менен түздөн-түз сотто тапшырылат. Эгерде чечимдин көчүрмөсү өкүлгө тапшырылса, анда ал өзүнүн атынан иш алып баруучу адамга да тапшырылды деп эсептелет.

3. Процесстин катышуучуларына, анын ичинде чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууда катышпагандарга, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып беш күндүн ичинде тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт. Эгерде чечимдин көчүрмөсү ошондой эле өкүлгө жөнөтүлсө, анда ал өзүнүн атынан иш алып баруучу адамга тапшырылды деп эсептелет.

Чечим ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган эрежелер боюнча тапшырылды деп эсептелет.

4. Ишке катышуучу жактар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу аркылуу соттун чечими менен таанышууга жана анын жуп нускасын алууга укуктуу.

Тараптарга сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен жөнөтүлгөн соттун чечими талаптагыдай жөнөтүлгөн деп эсептелинет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-175)  
Кийинки берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-177)
