# 175-берене. Чечимдин мазмуну

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 175-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-175

---

1. Чечим киришүү, баяндоо, жүйөлөштүрүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

2. Чечимдин киришүү бөлүгүндө чечим чыгарылган убакыт жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы, процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү, талаш-тартыштын жүйөсү жана билдирилген талаптар көрсөтүлөт. Эгерде иш оозеки териштирүүсүз каралса, анда ушул факт көрсөтүлөт.

3. Чечимдин баяндоо бөлүгү доогердин талабына көрсөтмөнү, жоопкердин каршы пикирин жана процесстин башка катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүнүн маңызын камтууга тийиш.

4. Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттун тыянактары негизделген иш боюнча белгиленген фактылар, далилдер жана тигил же бул далилдерди четке каккан жүйөлөр;

2) сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

3) иштин белгиленген жагдайларын юридикалык баа берүү;

4) доонун негиздүүлүгү жагынан соттун тыянактары.

Ушул Кодекстин 174-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жагдайлар болгондо, чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө алардын белгилениши гана көрсөтүлөт.

5. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгү доону канааттандыруу же доодон толук бойдон же анын бир бөлүгүнөн баш тартуу тууралуу соттун тыянагын, чечимдин маңызын, соттук чыгымдарды бөлүштүрүүгө көрсөтмөнү, чечимге даттануунун мөөнөтүн жана тартибин камтууга тийиш.

6. Соттун чечими жазуу жүзүндө баяндалат жана ага төрагалык кылуучу кол коет. Чечимге административдик ишти жеке караганда - судья же административдик ишти сот коллегиялуу курамда караганда бардык судьялар кол коет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-176)
