# 174-берене. Ишти чечүүдөгү соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 174-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-174

---

1. Ишти маңызы боюнча чечүүдө сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыра алат же болбосо аны канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартат.

2. Административдик доо канааттандырылган учурда сот төмөнкүдөй чечим кабыл ала алат:

1) жоопкер - административдик органдын административдик актысын толук же бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;

2) жоопкер - административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоо милдети жөнүндө;

3) жоопкер - административдик органдын айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;

4) эгерде жоопкерде башка административдик актыны кабыл алуу боюнча мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктар же дискрециялык ыйгарым укуктар (кароо укугу) жок болсо, жоопкер-административдик органды тиешелүү административдик актыны кабыл алууга милдеттендирүү;

5) жоопкер - административдик органдын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;

6) жоопкер - административдик органдын аракеттерин (аракетсиздиктерин) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.

7) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.

3. Эгерде административдик органдын, башка мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын даттанылып жаткан актысы же аракети (аракетсиздиги) сотко кайрылган адамдын же анын кызыкчылыгы үчүн доо берилген жактын жеке укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгобойт деп сот аныктаса жана аларды жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлбөгөндүгү аныкталган учурда, сот административдик доону канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-173)  
Кийинки берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-175)
