# 173-берене. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 173-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-173

---

1. Сот төмөнкүлөрдү текшерүү менен чечим чыгарат:

1) административдик акт Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келеби;

2) административдик акт мыйзамдарда каралган административдик жол-жоболорду сактоо менен чыгарылганбы;

3) мыйзамда каралган мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жол-жобосу сакталганбы;

4) талаш туудуруп жаткан акт мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын компетенциясын;

5) сотко кайрылган адамдын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбаганбы, же болбосо талашылып жаткан акт (аракет) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан кабыл алынган (жасалган) күнү бул адамга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар жаралганбы.

2. Чечим кабыл алуу учурунда сот ошондой эле административдик доону камсыз кылуу боюнча чаралардын күчүн сактоо же жокко чыгаруу жөнүндө, буюм далилдеринин андан аркы тагдыры, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндө маселелерди жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө келип чыккан жана чечүүнү талап кылган маселелерди чечет.

3. Сот кароодо жана чечим чыгарууда доодо баяндалган жүйө далилдерге байланган эмес.

4. Сот административдик актынын укукка ылайыктуулугуна баа берүүдө чечимде административдик орган тарабынан административдик актыга киргизилген негиздемени гана эске алат.

5. Сот административдик жол-жоболорду же башка мыйзамдарда белгиленген эрежелерди сактоо менен аракет (аракетсиздик) жүзөгө ашырылганын текшерип, административдик органдын аракети (аракетсиздиги) боюнча чечим чыгарат.

6. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан билдирилген талаптардын чектеринде чечет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-174)
