# 172-берене. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 172-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-172

---

1. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш.

2. Чечим процесстик укуктун ченемдерин сактоо менен ушул укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон материалдык укуктун ченемдерине ылайык чыгарылганда, мыйзамдуу болуп саналат.

3. Чечим далилдер менен ырасталган, алардын тийиштүүлүгү жана жол берилиши, ошондой эле ишенимдүүлүгү тууралуу мыйзамдын тиешелүү талаптарына жооп берген, бул иш үчүн мааниге ээ болгон фактылар чагылдырылса жана чечим аныкталган фактылардан келип чыккан соттун толук тыянактарын камтыган болсо, негиздүү деп эсептелет.

4. Сот чечимди соттук териштирүүдө иликтенген далилдерге гана негиздейт.

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-171)  
Кийинки берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-173)
