# 1703-берене. Соттук жыйналышты протоколдоо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 131-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-1703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 1703-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1703

---

1. Сот аудио жана (же) видео жазуу санариптик технологиялык тутумун колдонгон учурда соттук жыйналыштын аудио жана (же) видео жазуусу протокол менен таанылат. Мында төмөнкүлөр чагылдырылган жазуу жүзүндөгү кыска протокол түзүлөт жана ишке тиркелет: соттук териштирүү өткөн жана протокол түзүлгөн дата, орду, убактысы; соттун аталышы жана анын курамы; тараптарды көрсөтүү менен иштин аталышы; соттук жыйналыштын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын, видеоконференцбайланыш тутумдарын жана (же) сот өндүрүшүнүн башка санариптик технологиялык тутумдарын колдонуу жөнүндө маалыматтар; ишке катышып жаткан жактар далил катары берген кошумча материалдар ишке тиркелгендиги жөнүндө маалыматтар.

Техникалык мүмкүнчүлүк бар учурда аудио жана (же) видео жазуу текстти автоматтык түрдө таануу жолу менен алынган тексттик чечмелөө менен коштолушу мүмкүн.

2. Соттук жыйналыштын жүрүшүн жаздырууну камсыздоочу аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын колдонуу, аудио жана (же) видео жазууну сактоо жана жок кылуу тартиби жана шарттары, ошондой эле аудио жана (же) видео жазууга жеткиликтүү болуу тартиби санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык Жогорку сот тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1702-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1702)  
Кийинки берене: [1704-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1704)
