# 1702-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшүнүн документтери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 131-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1702>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-1702.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 1702-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1702

---

1. Идентификация тутумунун эрежелерине ылайык колдонулуучу санариптик колтамганын же идентификатордун жардамы менен өзгөрбөстүгү камсыз кылынган сот актылары жана башка процесстик документтер административдик сот өндүрүшүнүн санариптик документтери болуп саналат.

2. Санариптик колтамгаларды, санариптик идентификаторлорду колдонуунун тартиби жана шарттары жана санариптик документтердин өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документтерге мааниси теңдеш экендиги санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санариптик документтерден сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында санариптик административдик иш түзүлөт.

4. Кагаз жүзүндөгү же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү документ санариптик жуп нуска болуп кайра түзүлөт жана санариптик административдик иштин материалдарына тиркелет.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1701-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1701)  
Кийинки берене: [1703-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1703)
