# 1701-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 131-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-1701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 1701-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1701

---

1. Административдик сот өндүрүшү кагаз жүзүндө же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу менен санариптик формада жүргүзүлөт.

2. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдары санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык колдонулат. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын жана санариптик сервистерин колдонуу шарттары жана тартиби Жогорку сот тарабынан аныкталат.

3. Судья жүйөлүү аныктама чыгаруу менен сот өндүрүшүнүн формасын өзгөртүүгө укуктуу. Сот өндүрүшүнүн формасы өзгөргөн учурда, иштин материалдары тиешелүү формага (кагаз же санариптик) өзгөртүлөт.

4. Санариптик формадагы сот өндүрүшүн тандаган учурда административдик иштер санариптик формада түзүлөт.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-170)  
Кийинки берене: [1702-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1702)
