# 17-берене. Өндүрүшкө кабыл алынган ишти башка сотко өткөрүп берүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 17-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-17

---

1. Бир сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган административдик иш башка соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн:

1) эгерде бир же бир нече судьядан баш тартылгандан же болбосо башка себептер менен судьялар алмашылгандан кийин же ишти бул сотто кароо мүмкүн болбой калганда. Бул учурда ишти өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жүзөгө ашырылат;

2) эгерде ушул сотто ишти кароодо анын өндүрүшкө сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен кабыл алынганы айкындалса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ишти бир соттон башка сотко өткөрүп берүү маселеси боюнча аныктама кабыл алынат жана ага жекече даттануу берилиши мүмкүн. Ишти бир соттон башка сотко өткөрүп берүү бул аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганда, ал эми даттануу берилген учурда - даттанууну канааттандырбастан калтыруу тууралуу аныктама чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.

3. Бир соттон башка сотко жөнөтүлгөн иш, өндүрүшкө ал жөнөтүлгөн сот тарабынан кабыл алынууга тийиш. Соттордун ортосунда сотко караштуулук жөнүндө талаш-тартыштарга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-18)
