# 166-берене. Соттук жарыш сөздөр

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 166-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-166

---

1. Соттук жарыш сөздөр процесстин катышуучуларынын сөздөрүнөн турат.

2. Жарыш сөздөрдө биринчи сөз доогерге, анын өкүлүнө жана үчүнчү жактарга, андан кийин - жоопкерге, анын өкүлүнө берилет.

3. Ушул Кодекстин 42-беренесинин 1-бөлүгүндөгү тартипте процесске катышкан прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын өкүлдөрү жана ушул Кодекстин 43-беренесиндеги тартипте башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар соттук жарыш сөздөрдө биринчи болуп сүйлөшөт.

4. Талаш-тартыштын предметине өз алдынча талапты билдирген үчүнчү жак, анын өкүлү иштеги тараптардан кийин сүйлөйт.

5. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Тараптардын же болбосо үчүнчү жактардын өтүнмөлөрү боюнча жарыш сөздөрдө алардын өкүлдөрү гана сүйлөй алышат.

7. Эгерде каралып жаткан иштин чектеринен чыгып кетсе, соттук жыйналышта төрагалык кылуучу сүйлөп жаткан адамды токтото алат.

8. Сүйлөп бүтүшкөндөн кийин процесстин бардык катышуучулары жана алардын өкүлдөрү сүйлөнгөн сөздөрдө айтылгандарга байланыштуу экинчи ирет реплика менен чыгып сүйлөй алышат. Акыркы реплика укугу ар дайым жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-165)  
Кийинки берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-167)
