# 163-берене. Адистин консультациялары

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 163-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-163

---

1. Зарыл болгон учурларда жазуу жүзүндөгү же буюм далилдерди кароодо, аудио жана видео жазууларды угуп-көрүүдө, экспертиза дайындоодо, күбөлөрдү суракка алууда, далилдерди камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө, сот консультация алуу, түшүндүрүү жана түздөн-түз техникалык жардам көрсөтүү (фотого тартуу, пландарды жана схемаларды түзүү, экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алуу, мүлктү баалоо, жана д.у.с.) үчүн адистерди тарта алат.

2. Адис катары чакырылган адам сотко келүүгө, сот тарабынан коюлган суроолорго жооп берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндө консультация жана түшүндүрмө берүүгө, зарыл болгон учурда - сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Жазуу жүзүндө адис тарабынан берилген консультация соттук жыйналышта жарыя кылынат. Адистин оозеки консультациясы жана түшүндүрмөлөрү соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет.

4. Консультацияны түшүндүрүү жана толуктоо максатында адиске суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп суроолорду өтүнмөсү боюнча адис тартылган жак жана анын өкүлү, андан кийин - башка жактар, процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү беришет. Соттун демилгеси боюнча чакыртылган адиске суроолорду биринчи болуп доогер жана анын өкүлү беришет.

5. Сот адиске ал суракка алынып жаткан кандай болбосун учурда суроолорду берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-164)
