# 161-берене. Эксперттин корутундусун иликтөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 161-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-161

---

1. Эксперттин корутундусу соттук жыйналышта жарыя кылынат. Корутундуну түшүндүрүү жана толуктоо максатында экспертке суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча эксперт дайындалган жак жана анын өкүлү, андан кийин - процесстин башка катышуучулары жана алардын өкүлдөрү суроо берет. Соттун демилгеси боюнча дайындалган экспертке биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет. Сот экспертке аны суракка алуунун кандай болбосун учурунда суроо берүүгө укуктуу.

2. Эксперттин корутундусу соттук жыйналышта иликтенет жана башка далилдер менен катар сот тарабынан бааланат жана сот үчүн мурда белгиленген күчкө ээ болбойт. Эксперттин корутундусуна соттун макул эместиги иш боюнча чечимде, же болбосо кошумча же кайтадан экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада жүйөлөнгөн болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-160)  
Кийинки берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-162)
