# 160-берене. Далилдин жалгандыгы жөнүндө билдирүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 160-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-160

---

1. Иште болгон далилдер жалган болуп саналгандыгы жөнүндө билдирилген учурда, бул далилди берген жак соттон аны далилдердин катарынан чыгарып салууну жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү өтүнө алат.

2. Далилдердин жалгандыгы жөнүндө билдирүүнү текшерүү үчүн сот экспертиза дайындап, ошондой эле тараптарга башка далилдерди көрсөтүүнү сунуш кыла алат.

3. Эгерде сот далилдердин жалгандыгы жөнүндө тыянакка келсе, ал аны өзүнүн жүйөлөнгөн аныктамасы менен далилдердин катарынан чыгарат. Мында жалган далилдин өзү кайра кайтарып берилүүгө жатпайт.

4. Эгерде сот процесстин катышуучусун далилдердин жалгандыгы жөнүндө билип туруп негизсиз билдирди деп тааныса, ал процесстин бул катышуучусуна ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул сала алат.

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-161)
