# 159-берене. Аудио жана видео жазууларды иликтөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 159-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-159

---

1. Аудио жазууларды уктуруу жана видеожазууларды көрсөтүү соттук жыйналыштын залында же бул үчүн атайын жабдылган башка жайда, соттук жыйналыштын протоколунда далилдердин угузулуп-көрсөтүлүп жаткан булактарынын айырмалуу белгилерин жана аларды угузуп-көрсөтүүнүн убактысын көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Андан кийин сот процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угат.

2. Зарыл болгондо аудио жазууларды уктуруу жана видео жазууларды көрсөтүү толугу менен же анын белгилүү бир бөлүгү кайталанышы мүмкүн.

3. Аудио жана видеожазууларда камтылган маалыматтарды айкындоо максатында сот тарабынан адис тартылышы же экспертиза дайындалышы мүмкүн.

4. Жеке мүнөздөгү аудио же болбосо видео жазууларды иликтөөдө жарандардын жеке кат алышууларын жана башка билдирүүлөрүн иликтөө жагынан ушул Кодекстин эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-158)  
Кийинки берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-160)
